Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Азия чемпионатында 7-орунду ээледи

13 апрель 2023 13:03 754 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Астанада  өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 7-орунду ээледи. Бул тууралуу «Барометр» билдирет. 

Маалым болгондой, 11-12-апрель күндөрү аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдеш өтүп, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. 

Кыргызстандын курама командасында 3 медаль бар.

🥇 Айсулуу Тыныбекова - алтын медаль
🥈 Айпери Медет кызы - күмүш медаль
🥉 Калмира Билимбекова - коло медаль

 Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 14 команданын ичинен 7-орунду ээледи.  


 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-erkin-krsh-boyuncha-kyz-kelinder-kurama-komandasy-aziya-chempionatynda-7-orundu-eeledi



Добавить комментарий