Кыргызстандын дзюдочулары Будапешттеги мелдешке жөнөп кетишти
Будапештте өтө турган эл аралык мелдешке алты кыргызстандык спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык КРнын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 23 - 25 октябрь күндөрү Будапешт (Венгрия) шаарында өтө турчу «Grand Slam Hungary» эл аралык рейтинг мелдешине катышышат.
Аталган мелдеште КРнын дзюдо боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
- Те Артур – 66 кг
- Золоев Владимир – 81 кг
- Шеров Эрлан – 90 кг
- Фарух Булекулов – 90 кг (башка каржылоо булактарынан)
- Краковецкий Юрий – 100 кг жогору
- Кадыракунов Эркин – команданын жетекчиси.
Белгилей кетсек, дзюдочулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-dzyudochulary-budapeshttegi-meldeshke-zhnp-ketishti
Добавить комментарий ×