Кыргызстандын чек арачылары тарабынан атылган октон өзбек жараны жаракат алды
Ош облусунда курал колдонгон окуя катталды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка таянсак, бүгүн, 2019-жылдын 31-майында чек арачылар Араван районунун Тогуз Булак айылына жакын чек арада Өзбекстандын эки автоунаасын байкашып, токтотушканда автоунаа ээлери чек арачылардын талабына баш ийбестен сапарын улашкан. Чек ара кызматкерлери асманга карай эскертүүчү ок атышкан. Бирок, автоунаалар ага дагы токтошпогондо чек арачылар автоунаанын дөңгөлөктөрүнө атууга аргасыз болушкан. Натыйжада Өзбекстандын бир жараны жаракат алган. Ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.
Окуяга байланыштуу тез арада эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрүн жөнөтмөй болушту.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-chek-arachylary-tarabynan-atylgan-okton-zbek-zharany-zharakat-aldy
Добавить комментарий ×