Кыргызстандын ар бир облусунда аз камсыз болгон канча үй-бүлө бар экени так айтылды

16 апрель 2020 16:29 1886 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнү 359 миӊ 703 аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык:

Бишкек шаары – 49 047

Ош шаары – 27 778

Чүй облусу – 52021

Ош облусу – 54 194

Баткен облусу – 26 641

Жалал-Абад облусу - 66 020

Нарын облусу – 23 966

Талас облусу – 15 068

Ысык-Көл облусу – 44 968.

Ал эми маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 миӊ 16 муктаж болгон үй-бүлө гуманитардык жардам берилди.

Анын айтымында, алардын ичинен “Жардам Штабы” аркылуу азык-түлүктү Бишкекте 13 217 үй-бүлө алды, ошондой эле башка каналдар аркылуу 20 888 үй-бүлө жардам алды, Ошто – 7 235, Чүй облусунда – 29 153, Ош облусунда – 38 405, Баткен облусунда – 7654, Жалал-Абад облусунда – 25 397, Нарын облусунда – 5249, Талас облусунда – 6623, Ысык-Көл облусунда – 16 195.

Калган үй-бүлөлөргө жардам таратуу уланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ar-bir-oblusunda-az-kamsyz-bolgon-kancha-j-bl-bar-ekeni-tak-ajtyldy



Добавить комментарий