Жеңиш эстафетасы Ош шаарына жетти

6 май 2020 14:52 772 Barometr
Бөлүшүү:
ok

6-майда Жеңиш эстафетасы Ош шаарына келди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.

Жеңиш Эстафетасын тосуп алуу аземи КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында өттү.

“Жеңиш Эстафетасынын Ош шаарына келиши – бул биздин шаардын жана облустун тургундары үчүн маанилүү окуя, себеби дээрлик ар бир үй-бүлөнүн жакын адамдары майданга кетишкен. Бул жакта болсо, тылда, эвакуаци болгон эшалондорду тосуп алып, аларды жайгаштырышып, майдан талаасына керектүү нерселердин баарын жөнөтүп турушкан”, - деди МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Ильгиз Талипов. 

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык акция Брест (Беларусь Республикасы) жана Мурманск (Россия Федерациясы) шаарларынан        5-февралда эки багыт боюнча старт алган жана ал КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш Эстафетасы майдын 2-7-майга Бишкек жана Ош шаарларында өтүп жатат.

7-майда “Бордобо-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш Эстафетасын  Кыргызстандын чек арачылары  Тажикстандын чек арачыларына өткөрүп беришет.

Жеңиш Эстафетасын өткөрүү чек арачылар үчүн салт болуп калган, анын башаты 1936-жылдан бери келе жатат (Улуу Ата Мекендик согушка чейин бул спорттук иш-чара катары өткөн). Бүгүнкү күндө болсо Жеңиш Эстафетасы – бул 1941-жылы июнь айында биринчилерден болуп душманды тоскон чек арачыларга таазим кылуу  болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmagynda-zheish-estafetasy-majdyn-2nen-7ne-chejin-bishkek-zhana-osh-shaarlarynda-tp-zhatat



Добавить комментарий