Кыргызстандыктар убактысын эмнеге коротот?
Улуттук статистикалык комитет 1649 үй-бүлөгө сурамжылоо жүргүзүп,12 жаштан жогорку курактагы үй-бүлө мүчөлөрү бир суткада убактысын эмнеге сарптай турганын изилдеди. Бул тууралуу аталган комитетке шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
12 жаштан жогорку курактагы 48 пайыздан ашык кыргызстандыктар убактысын уктоого, өзүн кароого, тамак ичүүгө, мончого, чач тарачка, поликлиникага жана башка керектүү жерлерге барууга корото турганы белгилүү болду.
Бош убакыт 16 пайыз, жумушка кеткен убакыт 14 пайыз болору эсептелди.
Үй чарбасын кароого сутканын орточо эсеп менен 12 пайыз убактысы талап кылынат.
12 жаштан жогорку курактагы эркектер убакысынын 19 пайызын жумушка коротот, бул аялдардын убактысынан 2 саатка көп. Ал эми аялдар үй чарбасы менен бала тарбиялоого суткасынын 21 пайыздайын коротот. Аялдардын бош убактысы эркектердикине караганда азыраак.
Убакыттын калган 48 пайызы уйкуга жана өзүн кароого кетет. Бул айыл жеринде дагы, шаар жеринде дагы жашаган аял-эркекке тиешелүү.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktar-ubaktysyn-emnege-korotot
Добавить комментарий ×