Кыргызстандык жаран мыйзамсыз миграция үчүн соттолот
Мекендештерине мыйзамсыз миграция уюштурганы үчүн кыргызстандык сот алдында жооп берет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, ИИМдин мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери ЖМКга жарыяланган маалыматты текшеришкен. Анда Россияга барган алты кыргызстандыктын жумуш берүүчүлөрү паспортторун алып алышып, мыйзамсыз кармагандары айтылган.
“Милиция кызматкерлери кыргызстандык Т.Н., Кыргызстандын жарандарын өлкө чегинен тышкары ишке орноштурууга уруксат албай туруп, мекендештерине ушундай кызмат көрсөтүп турганы аныкталды. Ал социалдык түйүндөргө жана Бишкектин базарларына жарыя илип, жакшы шарттар менен жакшы айлык акы сунуштаган. Ошондой эле ал мигранттарды Россияга барыш үчүн жалган маалым каттар менен камсыз кылып турган”,-деп айтылат ИИМдин кабарында.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-zharan-myjzamsyz-migraciya-chn-sottolot
Добавить комментарий ×