Кыргызстандык таксистти атып өлтүргөн орусиялык жаран 11 жылга эркинен ажыратылды

9 декабрь 2020 11:06 1916 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-декабрда Талдом райондук соту Москва шаарынын 50 жаштагы тургуну Игорь Волковду 11 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен. Ал кыргызстандык таксистти өлтүргөн деген айып менен эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, Волков кыргызстандык таксистти өлтүрүп, унаасын Тверь аймагына катып койгон.

Окуя 2020-жылдын февраль айында Москва облусунун Талдом районунда болгон. Кечке маал кыргызстандык таксистке чакыруу келип, унаага улгайган адам отурган. Сапар учурунда жүргүнчү менен таксист сүйлөшүп, кызуу маекке кирип кетишет.

Маек учурунда айдоочу өзүнүн татаал  тагдырын жана акча тартыштыгынан улам мигрант болуп жүргөнүн айтат. Волковдун айтымында, ал айдоочунун тагдырын уккандан кийин, таксистке келишим түзүүнү сунуш кылган: ал автоунаасын 200 миң рублге тетиктерин бөлүп сатуу үчүн алат, ал эми айдоочу уурулук жөнүндө милицияга  арыз жазат. Айыпталуучунун айтымында, эркектер буга макул болушкан.

Алар Тверь облусуна  барышкан, ал жерде Волковдун автоунааларды ажыратуу үчүн ижарага алынган гаражы болгон.  Бирок, алардын ортосунда акча маселеси боюнча чатак чыккан. Волков тапанчасын алып чыгып, таксистке үч жолу ок чыгарган. Ал ошол жерден көз жумган. Волков каза болгон таксиситтин сөөгүн көчөгө ыргытып жиберип, анын унаасын өзүнүн гаражына айдап барган. Бул факт боюнча күч түзүмдөрү Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин "адам өлтүрүү" жана "уурулук" беренелери боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Сот Игорь Волковду күчөтүлгөн режимдеги колонияда 11 жылга эркинен ажыратты. Айып Тальдом шаардык прокуратурасы тарабынан колдоого алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-taksistti-atyp-ltrgn-moskvalyk-zharan-11-zhylga-erkinen-azhyratyldy



Добавить комментарий