Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңип алышты
Кыргызстандык спортчулар 16-20-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште жеңиш менен кайтышты Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан барган спортчулар 4 медаль жеңип алышкан.
“52 килограмм салмактык категорияда Азат Усеналиев алтын медаль тагынды. Ал эми, 57 килограмм салмактык категорияда Эсенбек Акылбек уулу күмүш медаль жеңди. Эркин Адылбек уулу жана Өмурбек Бекжигит уулу 3-орундарды ээлешти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 12 спортчу башкы машыктыруу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты”, - деп айтылат маалыматта.
Улуттук курама команданын мүчөлөрүнүн иш-сапары Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
Добавить комментарий ×