Кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эл аралык марафондо күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин Өзбекстанда өткөн эл аралык марафондо күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу спортчунун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Марафон Ташкент шаарында 6-декабрда өттү.
Тяпкин 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 16 мүнөт 6 секундда чуркап өтүп, 2-орунду ээледи. Биринчи орунду Өзбекстандык Андрей Петров ээледи. Ал Олимпиада оюндарына катышуу нормативин аткарган.
Аялдар арасындагы мелдеште алтын медалды Илья Тяпкиндин жубайы Мария Коробицкая жеңип алып, 2 саат 26 мүнөт 42 секундда чуркап өткөн. Кыргызстандык Олимпиада стандартын аткарып, Олимп оюндарына жолдомо утуп алган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sportchu-ilya-tyapkin-el-aralyk-marafodo-kmsh-medal-tagyndy
Добавить комментарий ×