Кыргызстандык окумуштуулар чачтын түшүүсүн дарылоону патенттен өткөрүштү
Бөлүшүү:
Кыргызстандык окумуштуулар чачтын түшүүсүн дарылоону патенттен өткөрүштү. Бул тууралуу «Кыргызпатенттен» кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
«Интеллектуалдык менчиктин» сентябрь айындагы чыгарылышында окумуштуулар Мир-Али, Алиджон жана Лайло Балтабаевдер алопецияны рецидивин дарылоонун ыкмасын патенттешкени жарыяланды.
Документке ылайык, алопециянын рецидивин дарылоонун ыкмасына витаминдерди ичүү, тышкы гармоналдык дарылоо, биострмуляторлордон тышкары ганцикловир дарысын колдонуу сунушталган.Дарылоону дарыгердин катуу көзөмөлүндө гана жүргүзүү керек.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-okumushtuular-chachtyn-tshsn-daryloonu-patentten-tkrsht
Добавить комментарий ×