Кыргызстандык модель эл аралык суулулар сынагын жеңди
Кыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова эл аралык Miss Tourism International, Ukraine, Black Sea 2018сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жарыялады. Сынактын финалдык бөлүгү 28-июнда Одессада өткөн.
1-орун үчүн Украина, Израиль, Албания, Эстония, Германия, Румыния, Молдова, Беларусия, Болгария жана Австриядан келген сулуулар ат салышты. Жеңүүчү Алтынай Абдымомуновага баалуу таштар менен кооздолгон таажы кийгизилди. Израилден келген катышуучу вице-мисс наамын жеңди, ал эми “Бикини”номинациясына Молдовадан келген бийкеч ээ болду.
Сынак Одессада быйыл экинчи жылы өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-model-el-aralyk-suulular-synagyn-zhedi
Добавить комментарий ×