Кыргызстандык эки балбан финалга чыкты

6 ноябрь 2021 12:00 7309 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бекболот Мырзаназар уулу менен Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U23) финалга чыкты.

Бекболот Мырзаназар уулу 57 кг салмакка чейинки, ал эми Эрназар Акматалиев 70 кг салмакка чейинки категорияда ат салышууда.

Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси Эрназар Акматалиев финалда армян балбаны менен күрөшөт. Ал эми Бекболот Мырзаназар уулу азербайжандык балбан менен килемге чыгат.

Финалдык беттештер бүгүн саат 23.00дө башталат.

Буга чейин Сербияда өтүп жаткан, 23 жашка чейинки балбандар катышкан чемпионатта кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын медалды утуп алган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-eki-balban-finalga-chykty



Добавить комментарий