Кыргызстандык аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран көрсөтмө берди

14 октябрь 2021 11:35 5038 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын ЖМКлары 31 жаштагы кыргызстандык Аят А.ны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын көрсөтмөсүн жарыялашууда. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Окуя 12-октябрда болжол менен кечки саат 9дарда Текирдаг шаарындагы Ортанка көчөсүндөгү үйдө болгон. 65 жаштагы Фехми неберелеримди жакшы карабайсың деп келини менен уруша кеткен.Чатак маалында кыргызстандык аял Фехмиге катуу айткан мындан соң, ал Аятты бычактап өлтүргөн.

Окуя болгон кезде үйдө эч ким болгон эмес, шектелип жаткан жарандын аял бир жакка кеткен, ал эми Аяттын күйөөсү жумушта жүргөн.

Фехми келининин сөөгүн кантип жашырууну ойлоп, аны жиликтеп, бир бөлүгүн таштандыга ыргытып, экинчи бөлүгүн унаанын багажына каткан.

Эркек киши аялы келген кезде баарын айтып берген, аял полиция чакырткан.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-ayaldy-mykaachylyk-menen-ltrg-shektelgen-zharan-krstm-berdi



Добавить комментарий