Кыргыз дарыгерлери Россияга Sputnik-V вакцинасы менен таанышууга жөнөп кетти

26 ноябрь 2020 13:31 848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева 26-ноябрдагы брифинг учурунда билдирди.

“Кыргызстанга канча вакцина керектелери жана аны алып келүү, каттоо графиги иштелип чыкты. Биздин адистер Sputnik-V вакцинасынын иштелип чыгышы жана клиникалык сыноолору менен таанышуу үчүн Москвага келишти», - деди ал.

Кыргызстан башка өлкөлөрдө чыгарылган вакциналардын натыйжалуулугун да көзөмөлдөп турат. 

«Эгерде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму натыйжалуу деген вакциналар даяр болсо, анда алар боюнча Кыргызстандын позициясы даяр. Бул багытта да ар тараптуу иштер жүргүзүлүп жатат», - деп кошумчалады Сурабалдиева.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-rossiyaga-koronaviruska-karshy-vakcinanyn-synooloru-menen-taanyshuuga-darygerlerdin-tobu-zhnp-ketti



Добавить комментарий