Кыргызстанда жыл сайын пенсионерлердин саны 15-20 миң адамга көбөйүп жатат

6 август 2021 14:53 1396 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жыл сайын пенсионерлердин саны 15-20 миң адамга көбөйүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык фондунун басма сөз кызматынын башчысы Женишбек Мукамбетов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 710 миң пенсионер бар.

“Пенсиялык система туруктуу,  республикалык бюджеттен каржылана турган жеңилдетилген категориялар дагы бар. Дагы башка бир маселе- төгүүчүлөрдүн эсебинин пенсионерлердин санынан аз болушу. Бул бирге бир эмес, ал тургай бирден төмөн”,-деп айтты ал.

Пенсиялык система пенсионерлердин саны менен төлөөчүлөрдүн катышы 1:3-4 болгондо туруктуу деп эсептелинет. Азыркы учурда бул катыш 1:1-0.8 болуп турат жана дагы республикалык бюджеттен каржыланган жеңилдетилген пенсия алуучулардын саны дагы көп.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhyl-sajyn-pensionerlerdin-sany-15-20-mi-adamga-kbjp-zhatat



Добавить комментарий