Кыргызстанда ЖРТнын мөөнөтү жылдырылды

31 март 2020 14:24 936 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшыра турчу жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

“Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. ЖРТны өткөрүү мөөнөтү дагы жылдырылат”, - деди ал.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындай аракеттер коронавирустун алдын алуу үчүн жасалууда.

Ал ортодо мектептерде 4-чейрек дистанттык режимде улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhrtnyn-mnt-zhyldyryldy



Добавить комментарий