Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум башталды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүү жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум башталды.
Саат 08:00дө шайлоо тилкелеринде гимн жаңырып, тилкелер расмий түрдө ачылды.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 28 шаарда жана 420 айылда өтүп жатат.
420 айылдык кеңештердеги жалпы мандаттардын саны 7 560.
28 шаардык кеңешке 796 депутат шайланышы керек.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhergilikt-keeshtin-deputattaryn-shajloo-zhana-referendum-bashtaldy
Добавить комментарий ×