Кыргызстанда жашоо минимуму 22 пайызга жогорулады

14 октябрь 2021 12:07 2223 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын III кварталында жашоо минимуму 6 миң 382,69 сом болуп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 22,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, жашоо минимумунун өсүшү июль-сентябрь айларында республиканын баардык аймактарында катталды.

Жашоо минимумунун түзүмү боюнча калктын ар бир индивидуалдуу-демографиялык тобуна карата азык-түлүк товарларынын үлүшү орточо алганда 65 пайыз, азык-түлүк эмес товарлар 16 пайыз, тейлөө 17 пайыз, салыктар 2 пайызды түзүшү керек.Тактап айтканда ушунун баарын эң аз көлөмдө камтыш үчүн Кыргызстандын жашоочусуна бир айда эң аз дегенде 6 миң 382,69 сом керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-22-pajyzga-zhogorulady



Добавить комментарий