Кыргызстанда жарым жылда 1 млн тоннага жакын сүт өндүрүлдү
Бөлүшүү:
2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 1 миллион тоннага жакын сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын "Барометр" маалымдайт.
Белгилүү болгондой январь-июль айларында республикада сүт өндүрүү 979,2 миң тоннаны түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 19 миң тоннага же болбосо 2 пайызга көптүк кылат.
Сүт өндүрүшү республиканын баардык аймактарында жогорулаган. Анын себеби өлкөдө уйлардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу экенин Айыл чарба министрлигинен кошумчалашты.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zharym-zhylda-1-mln-tonnaga-zhakyn-st-ndrld
Добавить комментарий ×