Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды

19 май 2021 14:12 2001 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 18-майда, Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ага ылайык, ЖРТнын 1-туру кечээ башталып, бүгүн, 19-майда, уланып жатат. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө башталды

"Тестирлөө 115 борбордо жүрүп жатат. Ал жакта бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Медициналык кызматкерлер да иштеп жатат. ЖРТдан өтүүгө өлкө боюнча жалпы 42 817 абитуриент катталган", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик тестирлөөгө Кыргызстандын орто жана орто кесиптик билими бар жарандары катыша аларын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhalpy-respublikalyk-testirl-bashtaldy



Добавить комментарий