Кыргызстанда уран кендерин кайра иштетүүнү сунушташууда

13 сентябрь 2021 19:35 1647 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда “Кыргыз Республикасында кен пайдалуунун маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга  коюлду.Бул тууралуу мыйзамды Энергетика жана өнөр жай министрлиги талкууга алып чыкканын “Барометр” маалымдайт.

Министрлик кенди пайдалануу тармагына бирдиктүү жөнгө салууну киргизүүнү сунуштайт. Мыйзам долбоорунда ошондой эле уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталган.

Бирок ал үчүн компания 100 пайыз мамлекеттик болушу керек. Ошентсе да 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарба субъектилери менен мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешип ишкана түзүп мындай ишмердикти ишке ашырса болот.

Эскерте кетсек, 2019-жылы жазында Ысык-Көл областындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы митингдер болуп өткөн.Анын натыйжасында иш токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-uran-kenderin-kajra-ishtetn-sunushtashuuda



Добавить комментарий