Кыргызстанда учурда иштеп жаткан 259 саясий партия бар

6 март 2020 10:42 847 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстанда катталган саясий партиялар боюнча маалымат берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, март айынын башына алынган маалымат боюнча, катталган жана кайтадан каттоого алынган саясий партиялардын саны 283тү түзөт. Алардын 259у учурда ишмердигин жүргүзүп жатса, 24 партия жоюлган.

Быйыл Кыргызстанда бир катар аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт. Анын ичинде 12-апрелде беш шаарда — Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмокто шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Бул шайлоолорго катышууга 22 партия арызын берген.

Ал эми 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-uchurda-ishtep-zhatkan-259-sayasij-partiya-bar



Добавить комментарий