Кыргызстанда шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 3 686 921 адам болду

29 сентябрь 2021 16:24 1446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 3 686 921 адам болду. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин стратегиялык пландоо жана инвестицияларды тартып келүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Алибек Смагулов эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Аталган кабарга таянсак, Санариптик өнүгүү министрлиги шайлоого чейин 80 күн калганда шайлоочулардын болжолдуу тизмесин түзөт. Тизмеге жашы 18 жашка жеткен жана биометрикалык маалыматтарын берген жарандар киргизилет.

“Шайлоочулардын тизмесине кирүүнүн негизги шарты - биометриканын бар болушу. Бул шайлоо күнү эч ким ал үчүн добуш бере албашы үчүн керек”,-деп түшүндүрдү Смагулов.

Ал биомтерикалык маалыматтарды Санариптик өнүгүү министрлиги аймактык бөлүмдөрүнөн, калкты тейлөө борборлорунан, паспорт бөлүмдөрүнөн тапшырууга боло турганын эскертти. Чет өлкөдө жүргөн жарандар дипломатиялык мекемелерге кайрылса болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-shajloochulardyn-bolzholduu-tizmesi-3-686-921-adam-boldu



Добавить комментарий