Бишкекте тургундарга уйку бербеген мотоцикл, мопедтер айып короо жайына токтотулууда

2 май 2025 12:29 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаар тургундарына уйку бербеген мотоцикл, мопедтер айып короо жайына токтотулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери түнү менен шаар тургундарына үйку бербей, жарандардын тынчын алып, ээнбаштык жасаган, жогорку үн менен дарылдаган, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орноткон жана катуу үн менен коомчулукка тынчтык бербеген  мотоцикл жана мото-скутерлерди айып короо жайына токтотушууда.

Текшерүү учурунда көпчүлүгүнүн  тийиштүү докумменттери жок жана дарылдаган кошумча жабдыктарды орноткон жарандар өспүрүмдөр экендиги аныкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-turgundarga-ujku-berbegen-motocikl-mopedter-ajyp-koroo-zhajyna-toktotuluuda



Добавить комментарий