Кыргызстанда коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия бекитилди

28 сентябрь 2020 11:09 457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, 2021-2024-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди.

Жарлыкка ылайык, токтом кылынат:

— 2021-2024-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия бекитилсин;

— КРнын Өкмөтүнө ,Жогорку Кеңеши жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргелешип стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталсын;

— КРын Өкмөтүнө, КРын Жогорку Сотуна, КРнын Башкы прокуратурасына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын  эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу сунушталсын;

— КРын Өкмөтүнө ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан антикоррупциялык пландардын өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзүп туруу сунушталсын.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-korrupciyaga-karshy-mamlekettik-strategiya-bekitildi



Добавить комментарий