Кыргызстанда коронавирустан жалпы төрт киши каза болду

6 апрель 2020 10:05 2574 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 4 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелде дагы эки киши каза болгон. Буга чейин Кыргызстанда эки киши коронавирустан каза болгону аныкталган болчу.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 216 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 69 жаңы учур аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-zhalpy-trt-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий