25-марттан бүгүнкү күнгө чейин 536 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

13 май 2020 18:26 1488 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Кыргызстанда коронавирус илдетине байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылгандар көп болуп жатканын айтып, бул учурлар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине кандай катталып жатканын сурады.

Жогорку Кеңеш 13-майдагы жыйында өкмөттүн 2019-жылы жасаган иштери боюнча отчетту карап жатат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чындыгында үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөнүн ырастады.

“25-марттан бүгүнкү күнгө чейин 536 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бул былтыркыга караганда 42 пайызга көбүрөөк болду. Бирок 3 айдын ичинде 2319 учур катталды. Бул былтыркы жылга караганда 65 пайызга көп”, — деди ал.

Эгер үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган учурда кайда кайрылуу керек. Тиешелүү жактардын телефон номерлери.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-karantin-uchurunda-j-bllk-zombuluk-kch-alganyn-iim-dagy-yrastady



Добавить комментарий