Кыргызстанда кайберендердин саны өстү

22 сентябрь 2021 15:39 1606 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Бекбатыр Бузурманов бүгүн, 22-сентябрда болгон брифингде Кыргызстанда 4 жылда кайберендердин саны өскөнүн айтты. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Анын айтымына караганда Марко Поло эчкисинин саны 5153кө, сибирь тоо текесинин саны 15 787 башка көбөйгөн, мындан тышкары камандардын башы 2096га көбөйдү.

“Бул жерде аңчылык аймактагы жана өзгөчө корголгон аймактардагы айбанаттардын саны толук бар. Бизге берилген эсеп боюнча алардын саны азайган жок”,-деди Бекбатыр Бузурманов.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kajberenderdin-sany-st



Добавить комментарий