Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам кылуу иретинде жаңы долбоор ишке кирди

27 август 2020 13:34 590 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда “Иштеген иши үчүн азык-түлүк” долбоору иштеп жатат. Бул тууралуу эмгек жана социлдык өнүктүрүү минитсрликтин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү социалдык жактан колдоо максатында, министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликтеги 2018-2020-жылдарга Иштеген иши үчүн азык-түлүк” кеңири масштабдагы долбоор ишке ашырылууда.

 2020-жылдын 1-июлуна карата  республика боюнча 519 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашты, анын алкагында 63,4 миң адам (12,4 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр) азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болгон. Жалпысынан долбоордун алкагында 2041 тоннага жакын азык-түлүк жардамдары берилди. 

Азык-түлүктөр бир катар аткарган иштер үчүн берилген, (жолдорду, каналдарды, ичүүчү суу системаларын куруу, бак дарактарды отургузуу, социалдык объектилерди оңдоо ж.б.).

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ishtegen-ishi-chn-azyk-tlk-dolbooru-ishtep-zhatat



Добавить комментарий