Кыргызстанда француз актеру Жерар Депардье катышкан кино тартылат

25 февраль 2020 10:09 576 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов словакиянын LECA Production киностудиясынын продюсери Андрей Антонио Лека менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тараптар хорват режиссеру Лордан Зафрановичтин “Лицо человека” тасмасынын тартуу пландарун талкуулаган. Кинодогу башкы каарман мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Александр Дубчек, анын балалык чагы Кыргызстанда өткөн.

Режиссер жолугушуу учурунда тасманы тартууда Кыргызстан абдан маанилүү экенин белгиледи, себеби ал биографиялык тасма болгондуктан Дубчектин балалык чагына абдан маани берилет.

Антонио Лека тасмага көптөгөн белгиүү дүйнөлүк актерлер кызыгып жатканын, бир ролду француз актеру Жерар Депардье ойной турганын айтты. Фильмдин Кыргызстанда тартыла турчу бөлүгү 2021-жылдын экинчи жарымына пландалууда. Ал эми тасма Дубчектин 100 жылдыгына карата 2022-жылы кеңири күйөрмандардын назарына сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-francuz-akteru-zherar-deparde-katyshkan-kino-tartylat



Добавить комментарий