Кыргызстанда абал турукташса октябрь айынан тарта мектептер толук кандуу иштей баштайт

15 сентябрь 2020 16:52 2586 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбеков эпидемиологиялык абал турукташса мектептерде окуу процессин жакынкы арада кадимкидей тартипте уланта баштоону колдоорун айтты. Бул тууралуу 15-сентябрда онлайн кеңешме учурунда айтылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков эпидемиологиялык кырдаал турукташса октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.

Андан сырткары, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, мектептерди бюджеттик каражатка куруу иштери токтоп калган жок. 1-сентябрга карата 14 мектеп пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин авариялык абалдагы 21 мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктап, алар дагы иштеп башташат. Мындан сырткары, дагы 13 мектеп ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, жылдын аягына чейин коррупцияга каршы күрөштүн каражаттарынан топтолгон Бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланып жаткан 15 мектептин үчөө курулуп бүтөт.

Муну менен катар өлкөнүн бардык мектептерин интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Эгерде өткөн жылы 1485 (1-4-класстар) мектеп ысык тамак менен камсыздалган болсо, быйыл ага дагы 150 кошулду. Бардыгы болуп бүгүнкү күндө 1635 мектеп же 71 пайызы ысык тамак менен камсыз болушту. 2022-жылга чейин аны 100 пайызга чейин чыгаруу пландалууда. Айрым алыскы аймактардагы мектептерди толук ысык тамак менен камсыздоо үчүн таза суу талап кылынарын жана калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун ишке кириши менен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо маселеси дагы чечилерин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-epidemiologiyalyk-abal-turuktashsa-oktyabr-ajynan-tarta-mektepter-salttuu-bilim-berg-tt



Добавить комментарий