Кыргызстанда дайынсыз жоголгон киши Россиянын психикалык оорулуулардын ооруканасынан табылды

24 февраль 2020 17:11 742 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда туулуп, дайынсыз жоголду деп жаткан киши Приморский крайынын Заречный поселогундагы психикалык оорулуулар кармалган жайдан табылды.

Кыргызстандын Акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жоголуп кеткен КР жаранынын жакындарынын айтымында, ал Россиянын жарандыгын алып, андан кийин Кореяга жумушка барам деп кеткен.

Андан кийин эле жакындары менен байланышпай калган.

Акыйкатчынын өкүлдөрү Россиянын укук коргоо органдары менен байланышып, КР жараны Кореядан депортацияланып, Владивосток аймагына келгенин айтышкан. Бирок ал саламаттыгына байланыштуу Приморский крайындагы Заречный поселогундагы психикалык жактан ооругандардын ооруканасына жаткырылган.

Омбудмсен институтунун өкүлү КР жараны менен ооруканага барып жолуккан. Ал өз кезегинде Кореядан ден соолугу кескин начарлаганын айтып, бул жакка кантип келип калганын эстей алган эмес.

Оорукананын башкы дарыгери менен сүйлөшүп, Акыйкатчынын жардамчысы бардык жоопкерчиликти өзүнө алып, тийиштүү документтер толтурулгандан кийин КР жараны 20-февралда Ошко учак менен учуп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-dajynsyz-zhogolgon-kishi-rossiyanyn-psihikalyk-ooruluulardyn-oorukanasynan-tabyldy



Добавить комментарий