Кыргызстанда буудайдын дүң жыйымы 42,1 пайызга аз жыйналды

13 октябрь 2021 17:25 1735 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң жыйымы сезилерлик төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Дан эгиндеринин түшүмүнүн азайышына аномалдуу ысык, сугат мезгилинде суунун тартыштыгы себеп болгон.

“Жалпысынан республикада буудайдын дүң жыйымы 42,1 пайызга, арпаныкы 48,7 пайызга, бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 14,6 пайыз, жемиштердики 6,5 пайыз, картошканыкы 5 пайыз, жашылчалардыкы 1,6 пайызга азайды”,-деп маалымдашты Улуттук статистикалык комитеттен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-buudajdyn-d-zhyjymy-421-pajyzga-az-zhyjnaldy



Добавить комментарий