Кыргызстанда бийлик атадан-балага мурас катары калыптанып калганбы?

29 март 2021 20:01 1572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Албетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык түзүмдөрүнүн ичинен Бишкектин шаардык кеңешине аттанып жаткан саясий партиялар үчүн бул кызмат өтө маанилүү. Себеби, Бишкек Кыргызстандын борбору болгондуктан, өлкөнүн бардык экономикалык булактары топтолгон негизги борбору болуп саналат. Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 27 саясий партия катышары белгилүү болду. Ошентип, шаардык кеңештеги 45 мандат үчүн 1 820 адам ат салышат.

Атандаштык

Атандаштык албетте жакшы. Атаандаштык чоң болгон жерде, жаңылануу жана өсүш пайда болот. Бирок, бул экономикалык жактан гана алып караганда. Саясий жагына келсек, бул жерде таптакыр карама-каршы кырдаал ойноп жатат. Талапкерлердин арасындагы бир топ жаш жүздөрдү көрүп, кубанып турсак, бирок, алардын артында баягы эле эски саясатчылардын турганы капалантпай койбойт.

Анда шаардык кеңешке аттанып жаткан жаш жүздөрдүн артында жашынып, кимдер турганын иреети менен тизмектеп берели.

"Реформа" партиясы

“Реформа” партиясы былтыркы парламенттик шайлоого да катышкан. Эми, шаардык кеңешке  бийликке умтулуп жатат. Алардын башкы саясий чакырыгы жаш, мекенчил, эң башкысы "таза" кадрлар экенин өз программаларында баса белгилеп айтып келишет. Коррупциядан жана паракорлуктан да эң коркунучтуу душман саясий интрига экенин айтып, андан арылууга болгон күчтөрүн жумшаарын айтышууда. Албетте, ар бир шайлоочу буга ишенгиси келет. Бирок, бул партиядагы айрым талапкерлерге көз чаптырсак, жогоруда айткан убадалардын аткарылышы чоң күмөн жаратат.

Мисал келтирели, Эмил Эсенгулович Сыдыков. Ал “Реформа” партиясынан шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесинде 17 номерде турат.

Көрсө, Сыдыков Эмил Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Исаев Кыдыкбек Шайдиновичтин күйөө баласы экен. Исаев Кыдыкбек Ысык-Көл облусунун губернатору кызматынан 2010-жылдын 7-апрелинде болгон революциядан кийин кеткен. Ага 2010-жылдын май айында эл аралык издөө жарыяланган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Исаев Ысык-Көлдөн өзгөчө корголуучу аймактарында жайгашкан жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деген айып коюлуп издөөгө алынган.

Ал эми, Эмил Сыдыков коомчулукка чуулгандуу компания катары таанылып калган "Градиент" компаниясынын коммерциялык директору болуп үч жылга жакын иштеген.

Ачык булактардагы маалыматтарда айтылгандай, Эмил Сыдыков Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда анын урматына тун уулун “Курманбек” деп койгон.

"Эмгек" партиясы

Эми кийинки биз кеп кыла турган партия “Эмгек” партиясы.

Бул партиядан шаардык кеңешке 75 талапкер аттанган. Алардын арасында мурда шаардык кеңешке депутат болгон 7 талапкер бар экен. Ал эми, бизнес жаатынан келген 25 талапкер, 2-3 спортчу, 1-2 мугалим, 21 талапкер убактылуу жумушу жок жүргөндөр экен.

Бирок, кеп шаардык кеңешке аттанып жаткан жаштардын кайсы кесипти аркалаганында эмес.  

Тизмеде турган талапкерлерден биринчилерден болуп көзгө Жаныбек Абиров илинет экен. Себеби, ал бизнесмен Болотбек Абировдун уулу да.

Ал эми Болотбек Абировго “Рассвет компани” компаниясы таандык.

Буга чейин, саясат таануучу Эдиль Байсалов бул компания тууралуу иликтөөсүн соцтармакта жарыялаган.

"Бул компанияны мамлекеттин ири камсыздоочусу деп аташат. "Рассвет” компаниясы Бишкек жылуулук электр борборуна көмүрдү Казакстандан ташып келет. Жеткирүү көлөмү жыл сайын 50 миллион доллардан ашат", - деп жазган Байсалов.

Ошондой эле, Байсаловдун айтымында, ОсОО CIM KG PROPERTIES, "Бока", "Строй Лэнд” компаниялары да Болотбек Абировго таандык.

Байсаловдун айтымында тендерлерди эч кимге бербей жеңип келгенинин себеби Болотбек Абаровдун экс-президент Алмазбек Атамбаев менен болгон достугу шарт түзүптүр.

Бирок, Жаныбек Абиров жогорудагы аты аталган компания анын атасына таандык эмес экенин айтып, болгону фамилиялары гана окшош экенин билдирген.

Жаныбек Абиров канча танса да, Кыргызстанда баары алаканга салгандай ачык көрүнүп турат да.

Ал эми, кийинки сөз кыла турган талапкердин да артында чооң колдоо турары баарыбызга белгилүү. Элмир Досалиев шаардык кеңешке аттанып жаткан талапкерлердин катарында 13-орунда турат. Анын атасы Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Транспорт министрлигинин Жол чарба департаментинин башчысынын орун басары Акуналы Досалиев.

Айтмакчы, Элмир Досалиев "Дос Инжиниринг" ЖЧКнын негиздөөчүсү.

Партиянын дагы бир талапкери - шаардык кеңештин учурдагы депутаты Асел Айтбаевна Пирматова, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун бир тууган карындашы, "Гретта" компаниясынын ээси жана DAT-SALAM компаниясынын негиздөөчүсү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bijlik-atadan-balaga-muras-katary-kalyptanyp-kalganby-shajloogo-bolgon-sarasep



Добавить комментарий