Кыргызстанда азан айтуу боюнча конкурс жарыяланды
Кыргызстанда азан айтуу боюнча конкурс өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Конкурс төмөнкү аймактарда өтөт:
23-мартта Талас шаарындагы «Ааль-аль Байт» борбордук мечитинде.
24-мартта Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде.
25-мартта Бишкектеги «Жаами Ан-Надва» борбордук мечитинде.
26-мартта Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарындагы «Мухаммед САВ» мечитинде.
27-мартта Нарын шаарындагы «Азирети Али» борбордук мечитинде.
Конкурсту Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы «Мухаммед-Умар-Ош» коомдук бирикмеси менен бирге өткөрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-azan-ajtuu-boyuncha-konkurs-zharyyalandy
Добавить комментарий ×