Кыргызстанда 3,6 миң жеке турак-жай колдонууга берилди

28 июнь 2021 09:16 1198 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылдын январь-май айында жалпы аянты 419,5 миң чарчы метр болгон 3 592 жеке турак жай колдонууга берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Бул 2020-жылдын январь-май айына салыштырганда 48,8 пайызга көп.

Жеке турак-жайлардын негизги үлүшү же жалпы көлөмдүн 67,9 пайызы Ош, Жалал-Абад, Чүй областтарына жана Бишкек шаарына туура келет.

Айыл жергесинде 283,8 чарчы метрлик жеке турак жай колдонууга берилди, бул жалпы эксплуатацяига берилген үйлөрдүн 67,6 пайызын түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-36-mi-zheke-turak-zhaj-koldonuuga-berildi



Добавить комментарий