Кыргызстанда 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар аскерге кызмат өтөөгө бара алат

17 сентябрь 2021 15:47 8797 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Куралдуу күчтөргө кызмат өтөш кыздарды ыктыярдуу чакырууга эч кандай тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу Башкы штабдын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын башчысы Канатбек Шамыров Бишкекте болгон басма сөз жыйынында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, жашы 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар эркектер менен бирдей эле даражада аскер кызматын өтөөгө укугу бар.

“Штабдык жумуштар,телефонисттер жана башкалар бар. Ушундай кызматтарга аларды чакырууга болот. Бирок бул офицерлерге тиешеси жок, аял офицер бул башка категория.Согуштук аскер бөлүктөрүндө аялдар кызмат өтөй албайт, бирок калган бөлүктөргө кызмат өтөөгө укуктары бар”,-деп айтты Шамыров.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-19-zhashtan-40-zhashka-chejinki-ayaldar-askerge-kyzmat-tg-bara-alat



Добавить комментарий