Кыргызстанда 19-июлга чейин абанын температурасы төмөндөбөйт

13 июль 2019 12:41 5265 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан боюнча 19-июлга чейин абанын температурасынын төмөндөшү күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызмат кабарлады.   

Аталган маалыматка таянсак, 15-июлда Ысык-Көл, Нарын областарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттө жамыр жаашы ыктымал.

Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

16-17-июлда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

18-19-июлда жаан-чачын болбойт, абанын температурасы сезилердик өзгөрбөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-19-iyulga-chejin-abanyn-temperaturasy-tmndbjt



Добавить комментарий