Кыргызстанда 180 миңден ашык салык төлөөчүнүн салык карызы бар

28 апрель 2022 10:13 1267 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2022-жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн таанылган салык карызы, ошондой эле 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, анын ичинде карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыздарын берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындай жеңилдик Кыргыз Республикасынын “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50 % эсептен чыгарылат. Реструктуризациялоого 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-180-miden-ashyk-salyk-tlchnn-salyk-karyzy-bar



Добавить комментарий