Кыргызстанда 11 ай ичинде өрт кырсыгынан 103 адам куткарылган

4 декабрь 2020 12:35 771 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.  

2020-жылдын 11 ай ичинде республика боюнча 2 425  өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 3664), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 33,8% азайган.  

Тилсиз жоонун себептери бул  электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыкткан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган.  

Статистиканы карасак, өрттүн кесепетинен 29 адам каза таап (2019-жылы 40 адам), жана 24 адам жабыркаган (2019-жылы 60). Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Жалпы 1 571 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 64,8 % түзгөн.  

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр :  

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 37,6%;   

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,0%;   

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 22,3%;   

- балдардын от менен ойноосунан – 8,9%, өрт кырсыгы болду.   

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:   

Бишкек шаарында – 362 өрт;   

Чүй облусунда - 648;   

Ош облусунда - 331;   

Жалал-Абад облусунда - 365;   

Ысык-Көл облусунда - 251;   

Нарын облусунда - 113;   

Талас облусунда - 117;   

Ош шаарында - 78;   

Баткен облусунда 160 өрт катталган.   

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-11-aj-ichinde-rt-kyrsygynan-103-adam-kutkarylgan



Добавить комментарий