"Кыргызстандын тарыхы” китебине тескерисинен басылган гимн, герб жана туу талкууга түштү

2 сентябрь 2020 17:47 3845 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакка "Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых" аттуу окуу китебинин биринчи бетинде өлкөнүн негизги атрибуттары болгон герб, туу жана гимн тескерисинен басылган видео жарыяланды. Бул видеону Сара Камалова аттуу колдонуучу жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрүнүштү ал 5-класстардын "Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых" аттуу окуу китебинен көргөн. Мөөр басылган китепти Бишкек шаарындагы № 74 мектептен алышкан.

"Жаңы тарых китеби. Орус тилдүү мектептердеги 5-класстар үчүн чыгарылган. Китеп жаңы, бирок барактаганда эле одурайган катасы билинет. Болгондо да мамлекеттик атрибуттарыбызды тескерисинен басып чыгарышкан. Буга ким күнөөлүү, басмакананын кызматкерлериби же даяр басылып бүткөн жаңы окуу китебин көздөн өткөрүп, текшерип көзөмөлдөп туруп анан колдонууга чыгарган Билим берүү министрлигиби?! Башка бети тескерисинен басылса да унчукмак эмесмин, көз жумуп койсок болмок, бирок биринчи бети, болгондо да эгемендүү Кыргызстаныбыздын мамлекеттик герб, гимн, тууларын тескери басып чыгып, аны окуучуларга таркатып жаткандарга эмне десек жарашат?!" — деп жазган ал.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-taryhy-kitebine-teskerisinen-basylgan-gimn-gerb-zhana-tuu-talkuuga-tsht



Добавить комментарий