"Кыргызстан сулуусу-2018" сынагы жыйынтыкталып, Жалал-Абаддык бийкеч Элмира Буранбаева жеңүүчү деп табылды

15 ноябрь 2018 09:00 2455 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Кыргызстан сулуусу-2018" сынагы жыйынтыкталып, Жалал-Абаддык бийкеч Элмира Буранбаева жеңүүчү деп табылды. Сынак Бишкектеги Аксарай ресторанында болуп өттү. Жеңүүчүгө таажы кийгизилип, "Дүйнө сулуусу-2019" сынагына жолдомо берилди. Биринчи вице-мисс Ысык-Көлдөн  Бегимай Ивакова, экинчи Таластан Шахзода Балтабаева жана үчүнчү Талас облусунан Арууке Ниязбек кызы алды. Бардыгы болуп өлкөнүн жети дубанынан келген 25 кыз катышкан. 

Буга чейин сулуулар конкурсун уюштурууда ар кандай пикир келишпестиктер болуп, ар ким өз каалаганындай конкурстарды өткөрүп келишкен. "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңүүчү деп табылган Бегимай Карыбековага "Дүйнө сулуусуна" катышууга расмий жолдомо берилген. Конкурс өтө турчу өлкө Кытайга виза берилбей калгандыгына байланыштуу 2017-жылы катыша албай калган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-suluusu-2018-synagy-zhyjyntyktalyp-zhalal-abaddyk-bijkech-elmira-buranbaeva-zhech-dep-tabyldy



Добавить комментарий