Байге фонду 1 млн сом. Ырчы, дастанчы жана акындар арасында сынак жарыяланды
Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн кароо сынак жарыяланат. Бул тууралуу маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кароо-сынак 15-16 октябрь күндөрү Замирбек Үсөнбаевдин автордук же иштеп чыккан жана ошондой эле, анын репертуарындагы чыгармаларды (конкурста аткарууга боло турган жалпы чыгармалардын тизмеси агайдын өзү менен макулдашып жобого тиркелет) аткаруучулар арасында өтөт.
“Сынактын максаты залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү менен автордук жана өзүнүн аткаруусунда бизге жеткен баалуу чыгармаларынын керемет үлгүлөрүн түбөлүк сактоо болуп саналат. Эң негизги максат Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун жолдогон салттык өнөрдүн алып жүрүүчүлөрүн, тактап айтканда салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат”, -деп айтылат маалыматта.
Сынактын эрежелери:
Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган баардык өнөрпоздор жана маданий-музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат.
Катышуучулардын жашы чектелбейт.
Сынак Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусунда кездешкен же автордук ар кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар, терме, санат, жоктоолор, залкарлардын айтыштары, эскерүүлөр, дастандар кайрылуу ж.б.) чыгармаларын аткаруучулар арасында өтөт.
Сынакта элдик же залкар инсандарга таандык айрым чыгармалардын обонун Замирбек Үсөнбаев иштеп чыккан болсо же аткарып чыгармага жаңы өмүр берип эл алдына алып чыккан болсо, Үсөнбаевдин ошол чыгармага кошкон салымын эске алып, ошондой чыгармаларды да конкурста аткарылчу чыгармалардын катарына киргизилди.
1.Олжобай менен Кишимжан
2.Кожожаш
3.Гөзал кыз
4.Кызыл туу кыргыз кыздары
5.Жыргалын кулкун эл менен
6.Акбаары
7.Кырк серке жайлоосундагы айтыш
8.Чонду акын”Кези кези келгенде”
9.Эненин арманы 6 уулунан айрылганы
10.Комузчуларга
11.Көк сулуу
12.Алымкулдун 1-жолугушуусу Токтогулга
13.Алымкул менен Сулаймандын айтышы
14.Кош Алымкул” Ысмайыл
15.Каражаак Калмырзанын Шабданга ырдаганы
16. Осмонкул менен Калыктын учурашканы
17. Өзүң бил
18. Кыргыз көчү
19. Карылык
20. Саякбайга арноо
21. Бууракандын белиндеги айтыш
22. Нан жөнүндө терме?
23. Токтогул менен Эшманбеттин айтышы (күрөш тууралу)
24. Арноо
25.Ашык элем
26.Жениш үнү
27. Кечирип кой
Байге фонду 1 000 000 сом.
Байланыш номурлар:
+996 702007384
+996 703700797
Ссылка: https://barometr.kg/bajge-fondu-1-mln-som-yrchy-dastanchy-zhana-akyndar-arasynda-synak-zharyyalandy
Добавить комментарий ×