"Кыргызстан" партиясы жалган маалымат тараткан интернет-сайттын үстүнөн БШКга кайрылды
"Кыргызстан" саясий партиясы aryba.kg маалымат порталын жалган маалымат таратты деп Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.
Партиянын маалыматына ылайык, 6-сентябрда aryba.kg сайтында “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахрор Иминовдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалымат жарыяланган.
«aryba.kg сайты маалымат жарыялоодон мурун тактоо өтүнүчү менен «Кыргызстан» партиясына дагы, Иминовдун өзүнө дагы кайрылган эмес», - деп жазылат маалыматта.
Башка маалымат агенттиктери aryba.kg сайтына шилтеме кылып, Ахрор Иминов менен Кадыржан Батыровдун туугандык байланышы жөнүндө видео жарыялаган. Бирок партия бул маалыматты четке какты.
"Мындай кара пияр менен алектенген маалымат агенттиктери шайлоодо добуш берүү алдында жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту адаштырып жатышат, бул биздин өлкөнүн келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп айтылат саясий партиянын билдирүүсүндө.
Партия БШКдан aryba.kg маалымат агенттигинен жалган маалыматын төгүндөөнү, аларды аккредитациядан ажыратууну же жарыяланган маалымат боюнча далил келтирүүгө милдеттендирүүнү суранат.
Добавить комментарий ×