«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышат. Жогорку сот партиянын пайдасына чечим чыгарды.

1 сентябрь 2020 22:33 1322 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого катышат. Жогорку сот "Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды. 

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын «Кыргызстан» саясий партиясы боюнча жазган кассациялык арызын карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жогорку сот БШКнын чечимин четке кагып, адилеттүү чечим чыгаргандыгы укуктук мамлекетте жашап жаткандыгыбыздын далили катары бааланганын партиянын тарапташтары билдирди.

Сот отуруму саат 16.00дө башталып,  Жогорку соттун мурдагы төрайымы, судья Айнаш Токбаева жетекчилик кылды.

Сот отуруму жүрүп жаткан учурда имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана каршылаштары эки тарап болуп топтолуп турушту. Бир тарабы "Кыргызстан" деп, экинчи жагы "Сот, сатылба!" деп кыйкырып жатты.

Эскерте кетсек, Боршайком 25-августта "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарып, шайлоого катышуудан четтеткен. Буга документти БШКга "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгени негиз болгон. Боршайкомдун мүчөлөрү мыйзамда партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү өзү алып келип, каттоо журналына кол коюшу керектигин белгилейт.

Аталган партиянын мүчөлөрү мындай чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. 27-августта ишти караган судья Чолпон Досмамбетова БШКнын чечимин жокко чыгарып, "Кыргызстандын" пайдасына чечип берген.

Андан соң Боршайком Жогорку сотко даттанып, "Кыргызстан" партиясын жарыштан четтеткен чечимин күчүндө калтырууну сураган.

“Борбордук шайлоо комиссиясы эч кандай басымга кабылбай , ар бир партиянын артындагы шайлоочулардын тандоо укугун сыйлап, бардык партиялар үчүн үгүт кампаниясы учурунда бирдей шарт камсыз кылышы керек”, -деди партия мүчөлөрү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasy-shajloogo-katyshat-zhogorku-sot-partiyanyn-pajdasyna-chechim-chygardy



Добавить комментарий