“Кыргызстан” партиясы өлкө аймагындагы штабдарын эки эсеге көбөйтүүдө

26 август 2020 15:28 7814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстан” саясий партиясы өлкө аймагындагы шайлоо штабдарын эки эсеге көбөйтүүнү баштады. Бул тууралуу аталган партиядагы  өздүк булактарга шилтеме берип «Барометр» билдирет. "Барометрдин" партиядагы маалымат булагынын айтымында, “Кыргызстан” партиясы сотто жеңишке жетерине ишенип, үгүт-иштерине активдүү даярдыкты баштаган.

“Буга чейин ар бир айылда бирден шайлоо штабыбыз болсо кошумча дагы бирден штаб ачып жатабыз. Бул биздин партиялаштардын биримдигин жана сотто БШКны жеңип чыгарыбызды билдирет”, – деди маалымат булагыбыз.

Кечээ, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынын айланасындагы ишти карап, 8 добуш менен  партиянын документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган.

“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев БШКнын чыгарган чечимине макул эместигин билдирип, сотко кайрыларын айткан жана бул маселе техникалык ката болгондуктан шайлоонун проссесине таасир этпей турган жагдай деген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasy-lk-ajmagyndagy-shtabdaryn-eki-esege-kbjtd



Добавить комментарий