«Кыргызстан» партиясы: “Фермерлерди кооперативдерге бириктиребиз!”

11 сентябрь 2020 10:40 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргызстан» партиясы жеке фермерлер менен кооперативдерди бириктирүүнү сунуштайт. Анткени, өлкө агрардык мамлекет болгону менен  айыл чарба тармагы азыркы абалы замандын талабына жооп бербейт.

Союздун кулашы менен айыл-чарба багытындагы жерлер жеке менчикке берилген. Учурда айыл-чарба продукцияларынын негизги өндүрүүчүлөрү жеке фермерлик чарбалар жана майда чарбалар.

Алар жалпы айыл чарба продукцияларынын 98,4 пайызын өндүрөт. Ал эми мамлекеттик чарбалардын үлүшүнө 1,6 пайыз туура келет.

Айыл жерлеринде өлкө калкынын үчтөн эки бөлүгү жашайт. Бирок, айыл чарбасында эмгектенген бир адам 13 гана адамга жете турган продукция өндүрө алат башкача айтканда эмгектин өндүрүмдүүлүгү аз.

2018-жылы айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 2,7 млрд. сом бөлүнгөнүнө карабай, өндүрүлгөн азыктар экспортко кетпей келет. Мунун башкы себеби чарбалардын өтө майда болуп жаткандыгы.

Практика көрсөткөндөй майда чарбалар технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан кол эмгеги менен гана чектелип жатышат. Мындан улам алардын өндүрүмдүүлүгү жана кирешеси аз болуп, айыл-чарба тармагынын өнүгүүсүнө түрткү боло албайт жатышат.

Фермерлер өндүргөн продукциялар өздүк керектөөдөн ашпайт. Албетте, бул айыл-чарбасынын экономиканын өсүшүнө тийгизген таасирин азайтат.


«Кыргызстан» партиясы төмөнкүлөргө көңүл бурат:

«Кыргызстан» партиясы майда чарбаларды бириктирген ассоциация, кооператив жана башка уюмдарды түзүүнү сунуштайт.

Биздин сунуш менен мамлекет дыйкандарды иш жүргүзүүдө колдоо үчүн мамлекет аларга субсидия же жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизмин иштеп чыгат.

Биз айыл чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, аймактарды сугат суусу менен өз убагында камсыз кылууну жана ирригациялык инфраструктура курууну тездетүү көзөмөлдөйбүз.

Биз айыл чарбасын өнүктүрө турган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, кошумча инвестицияларды тартуу жана илимий методдорду колдонулушуна басым жасайбыз.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-partiyasy-fermerlerdi-kooperativderge-biriktirebiz



Добавить комментарий