Муфтийдин кызмат ордуна 8 талапкер ат салышат. Тизме

18 март 2021 11:50 3201 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Муфтийи кызматына сегиз талапкер ат салышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Аалымдар Кеңеши тарабынан түзүлгөн каттоо жана аттестациялоо комиссиясы бүгүн, 18-мартта каттоону жыйындыктады. 

Ага ылайык, Аалымдар Кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырган. Ал эми, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна 8 талапкер ат салышса, борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталган.

"Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында  сынак өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак 17-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган болчу. 

Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган аалым талапкерлердин тизмеси:

1. Нурбек Токтогулов 

2. Сайдамир Джейналиев

3. Султанали Гапуров 

4. Убайдулла Сарыбаев 

5. Шүкүр Исмаилов 

6. Шакир Маматов 

7. Нематилла Жээнбеков 

8. Ниязали Арипов

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-musulmandarynyn-muftiji-kyzmat-orduna-8-talapker-salyshat-tizme



Добавить комментарий