Эмине Эрдоган: Айгүл Жапарованы кабыл алганыма кубанычтамын!
Кечээ, 9-июнда Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган жолугушту. Бул тууралуу Эмине Эрдогандын соцтармактагы баракчасына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Өлкөбүздө расмий иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кымбаттуу жубайы Айгүл Жапарованы кабыл алганыма кубанычтамын. Бул сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту чыңдайт деп ишенем ”, - деп жазган Эмине Эрдоган өзүнүн Твиттердеги баракчасына.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары 9-июнда башталды. Аны жубайы Айгүл Жапарова дагы коштоп кеткен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-trkiyanyn-birinchi-ajymdary-zholugushtu
Добавить комментарий ×